Геологиялык объектилер

Жети-Өгүздүн жылуу суусу

Өзүнүн геотермалдык суулары менен белгилүү болгон Жети-Өгүз курорту Каракол шаарынан түштүк-батышты көздөй 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Жети-Өгүз курорту көл жээгинен 25 чакырым алыстыкта жана 2200-2400 метр бийктикте жайгашкан. 

Жети-Өгүз курортунун суулары жердин астынан ысык бойдон чыгат жана төмөн деңгээлдеги радиоактивдүүлүккө ээ. Жети-Өгүздүн жылуу суусунда радон, натрий, кальций жана башка элементтер кездешет. 

Жети-Өгүз курорту таза абасы жана кооз жаратылышы менен да белгилүү. Суунун курамына, ысыктыгына, жана радиоактивдүүлүгүнө жараша, жылуу суулар а) абдан минералдашкан, б) минералдашкан, в) чала минералдашкан суулар болуп үч түргө бөлүнөт. 

Жети-Өгүздүн жылуу суусунда бром, йод, бор, жез, кыт, цинк, молибден, күмүш, стронций, германиум жана башка ушундай сыяктуу элементтердин чакан көлөмү кездешет. Жети-Өгүз курортуна эс алганы келгендер +37 ° C - +42 ° C градустагы сууга түшүп кетишет. 

Жети-Өгүздүн жылуу суусу дарылык касиети бар болгондуктан ар кандай ооруларды, анын ичинде муундардын, сөөктөрдүн, булчуңдардын, нерв системасынын, жана гинекологиялык дарттарын, айыктырууга колдонулат.