Жети-Өгүз геологиялык кесиги
Жети-Өгүз Тескей Ала-Тоонун түндүк боорунда жайгашкан. Жети-Өгүздүн таш катмарлары 27,82-5,33 миллион жыл мурун Олигоцен-Миоценде түзүлүп, “Кыргыз катмары” деп аталат. Кыргыз катмарынын калыңдыгы 1940 чейин жетет. Кыргыз катмарында бир нече байыркы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн калдыктары табылган.
Мисалы, байыркы жирафтын (Samotherium sp.,) эликтин (Antilope sp., Gazella sp.), бугунун (Cervidae), таш баканын (Stylemus karakolensis, Testudo sp.,) гиенанын (Ictitherium hipparionum), остракоттордун (Lineacypris, Ilyocypris errabundis), суу үлүлдөрүнүн (Eulota sp., Viviparus sp.) жана өсүмдүктөрдүн калдыктары менен уруктары табылган. Жети-Өгүз биостратиграфиялык изилдөөлөр үчүн абдан маанилүү жер.
Эл оозунда Жети-Өгүздүн мындай уламышы айтылып жүрөт. Илгери-илгери бир жесир аялдын Асан, Үсөн деген эгиз уулдары болгон экен. Атасынан айрылгандан кийин, эгиз балдар малдуу, бирок өзү абдан ач көз, сараң байдын торпокторун кайтарып, эптеп өздөрүнүн жана энесинин жандарын багышат.
Бир күнү алар торпокторду кайтарып жүрүшсө, күн бузулуп, кар жаап, туман түшөт. Эптеп торпокторду айдап, кечке маал келишсе, жети торпогунун саны чыкпайт. Бай болсо, Асан менен Үсөнгө: “Торпокторду тапмайынча келбегиле! - деп буюрат.
Эки бала апасы менен коштошуп, торпокторду издегени кетишет. Күндөр өтөт, айлар өтөт, торпок эмес эки бала да дайынсыз жоголот. Эне болсо кайгыга чөгүп, күтүүдөн тажап, балдарын өзү издеп жөнөйт.
Жер кезип, издебеген жери калбай балдарын чакырат. Бир күнү дагы тоо-ташты аралап келе жатса, алдынан тоодой болгон жети өгүз чыгат. Эне баягы жоголгон жети торпок экенин таанып, мөгдөп ыйлайт. Торпоктор ээн талаада жүрүп, семирип, жапайы болуп кетишкен экен.
Ошондо эне: - Каргыш тийген өгүздөр! Силер үчүн эки уулумдан айрылдым! Жетөөң тең ташка айлангыла - деп каргайт. Ошол замат өгүздөр жети кызыл тоодой болгон ташка айланыптыр.