Геологиялык объектилер

Арабел өрөөнү

Арабел өрөөнү - тоолордун түзүлүү учурнда 4000 метр бийиктикте пайда болгон түздүк. Мындай түздүктөр геологияда “пенеплен” деп аталат. Арабелдеги мөңгүлөрдүн чектеринде  Арабел өрөөнүндө мореналар бар. “Морена” - деп мөңгүлөр кайтып жатканда артында из катары калган таштарды жана минералдарды айтат. 

Ошондуктан аталган мореналардын негизинде мөңгүлөрдүн өсүшү менен кайтышын изилдесе болот. Арабелде Кичи муз доор заманынан бери мөңгүлөрдүн тез ээригенинен жана соңку 40 жылдын ичиндеги климаттын кескин өзгөрүүсүнөн пайда болгон жүздөгөн көлдөр да бар. Жакын арада жаңы көлдөрдүн пайда болуусу да ыктымал. 

Тянь-Шань менен Памирде сейрек кездешкен мөңгүнүн өзгөчө бир түрү - Григорьевдин “муз топусу” Арабелде жайгашкан. Ал мөңгү тоонун чокусун топу сыяктуу жаап, бир нече өрөөн аркылуу ылдый түшүп турат. 

Григорьевдин муз топусунан кесилип алынган муз өзөгү (керн) Арабелдин байыркы климаты тууралуу маалымат берип, 8 миң жыл мурда Арабелдин климаты азыркыга караганда дээрлик жылуу болуп, Арабелде такыр мөңгүлөр жок болгонун айгинелеген. 

Арабел өрөөнү өзүнүн геологиялык “үч кабат” түзүлүшүн сактап калган. Арабелде Неогенден тартып азыркы заманга чейинки жер катмарлары камтылган. Неоген доору 20,45 миллион жыл мурун башталып, 2,58 миллион жыл мурун бүткөн. 

Неоген доору 23,03 миллион жыл мурун болгон Палеоген доорунун аягында башталган жана 2,58 миллион жыл мурун Чейректик доор башталганда аяктаган. Арабел өрөөнү 34-23 миллион жыл мурун болгон Олигоцен заманында пайда болгон. 

Кызыгы Арабелдин Палеозойдо пайда болгон пайдубалы жана Мезо-Кайнозойдо пайда болгон кыртыштары тектоникалык жактан өзгөргөн эмес. Бул Евразияда өтө Сейрек кездешкен көрүнүш. Башкача айтканда, 

Арабел өрөөнү түздүктөрдүн (пенеплендердин) түзүлүш тарыхын камтыган архив сыяктуу. Азыркы учурда Арабел өрөөнү турситтер көп барган жер. Ошону менен бирге, Арабелди геомурас жери катары да даңазаласа болот.