Геопарк туралуу

Геопарктын тарыхы

“Геопарк” деп жергиликтүү демилгелердин негизиндеги өнүгүүгө салым кошкон, геологиялык көп түрдүүлүгү бай жерлер аталат. 

Геопарктар кооптуу геологиялык кубулуштарга көңүл буруп, жергиликтүү калктарга аламааттан сактанууга жардам беришет. 

Геопарктар жердин 4,6 миллиард жылдык геологиялык тарыхын чагылдырып, адамзаттын турмушунун пайдубалы болгон геологиялык көп түрдүүлүктү түшүнүүгө жардам берет.

“ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктары” программасынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн алкагында Ысык-Көлдүн Тескей жээги болочок глобалдык геопарк катары сунушталган.