Геопарк туралуу

Геопарк деген эмне

“Геопарк” деп жергиликтүү демилгелердин негизиндеги өнүгүүгө салым кошкон, геологиялык көп түрдүүлүгү бай жерлер аталат. Геопарктар кооптуу геологиялык кубулуштарга көңүл буруп, жергиликтүү калктарга аламааттан сактанууга жардам беришет. 

Геопарктар жердин 4,6 миллиард жылдык геологиялык тарыхын чагылдырып, адамзаттын турмушунун пайдубалы болгон геологиялык көп түрдүүлүктү түшүнүүгө жардам берет.

“ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктары” программасынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн алкагында Ысык-Көлдүн Тескей жээги болочок глобалдык геопарк катары сунушталган. Тескей геопаркынын негизги максаты болуп геологиялык жана маданий туризмди колдоо жана аймакты жалпы өнүктүрүү аныкталган. 

Геопарктын түзүлүшү төмөнкү максаттарга жетүүгө өбөлгө болот:

1.Туруктуу туризмди өнүктүрүү. 

ЮНЕСКОнун макамын алган объектилер туруктуу туризмди өнүктүрүүгө, жергиликтүү элдин социалдык жана маданий баалулуктарын сактоого жана табигый байлыктарын коргоого аянтча болуп келет.

2. Аймактын илимий изилдөө, билим берүү жана эс алуу тармактарын өнүктүрүү. 

Ошону менен бирге геопарк макамы аймактын геологиялык жана маданий мурас жаатындагы имиджин жакшыртууга салым кошуп, экотуризмди өнүктүрүү аркылуу аймактын жалпы экономикалык абалын жакшыртат. 

Геопарк геологиялык, табигый жана маданий мурастарды сактап, жергиликтүү калкка кирешенин жаңы булактарын ачат. Гео- жана экотуризмдин натыйжасында жаңы иш орундары, жаңы окутуу курстары, жаңы ишканалар пайда болушу толук ыктымал.