Геологиялык объектилер

Көк-Мойнок каньондору

Көк-Мойнок каньондору Ысык-Көлдүн Тоң районунда, Бишкек шаарынан чыгышка 170 чакырым, ал эми Балыкчыдан батышка 11 чакырым аралыкта жайгашкан. Көк-Мойнок каньондору Боом капчыгайына киришет. 

Көк-Мойнок каньондору Ысык-Көлдүн суусунун өйдөлөп анан төмөндөшүнөн улам жана 1-1,5 миллион жыл мурдагы орто Плейстоцендеги тектоникалык көртөрүлүштөн улам келип чыккан. Плейстоцен доорун көп учурда Муз доору деп да атап келишет. 

Муз доору 2 580 000 жыл мурун башталып, 11 700 жыл мурун аяктаган. Муз доору - жер жүзүнүн көп бөлүгүн муз жана кар басып турган геологиялык доор. Көк-Мойнок ойдуңунда боз топурак, кумдуу топурак жана кум катмарлары кездешет. 

Көк-Мойноктогу геологиялык жараяндардын натыйжасында жер кыртышынын бир нече катмары түзүлгөн. Ошол катмарлардын негизинде ошол жердеги байыркы геологиялык жана климаттык шарттарды изилдесе болот. 

Көк-Мойнок каньонунда эрозия, минералдардын чогулушуу жана каньондордун пайда болушу тууралуу изилдөөлөдү жана сабактарды өткөзүүгө болот.