Сүгөттү геологиялык кесиги
Сүгөттү геологиялык кесиктин калыңдыгы 405 метрди түзөт. Ал төрт катмардан туруп, Мезозой дооруна таандык. Мезозой доору, 252,2 миллион жыл мурун Палеозой доорунан кийин башталып, 66 миллион жыл мурун Кайнозой доору башталганда аяктаган.
Мезозойдун ичинде үч ири мезгил болгон, алардын эң байыркысы Триас, андан кийин Юра жана Бор мезгилдери болгон. Азыркы жаныбарлар жана өзүмдүктөрдүн түрлөрү Мезозой доорунда пайда боло баштаган, бирок Мезозой доору ал кезде өмүр сүргөн динозаврлар менен жалпы элдин арасында белгилүү болуп келет.
Сүгөттүдө динозаврлардын сөөктөрүнүн калдыктары табылган. Аталган калдыктар, Кыргызстанда табылган динозаврлардын эң байыркы калдыктары болуп эсептелет. Чалгындоо изилдөөлөрдүн негизинде Сүгөттүдө динозаврлардын жакшы сакталган калдыктары табылышы мүмкүн деп божомол айтса болот.
Аталган калдыктар, динозаврлардын эволюциясынын баштапкы баскычтарын түшүнүүгө салым кошот. Сүгөттү геологиялык кесикте сакталып калган өсүмдүктөрдүн калдыктарына караганда, аталган жер катмарлары Триас мезгилинин Норий жана Рэт мезгилдеринде жана эрте жана орто Юра мезгилинин Лейас мезгилдеринде түзүлгөн.