Ак-Өлөңдүн магма калдыктары
Пермь дооруна таандык сиениттер кээде пегматит деп да аталат. Булар чөл чөйрөдө көп кездешет. Сиениттре (пегматиттер) жер ичинен жарылып чыккан магмадан пайда болгон минералдар. Булар магманын кристаллдашуусунун соңку баскычында пайда болгон минералдар. Сиениттердин кристаллдары абдан ири болушу мүмкүн.
Андан сырткары сиениттердин курамында башка таш жана минералдардын курамында сейрек кездешкен элементтер бар. Сиениттер Тянь-Шань тоолорундагы 295-276 миллион жыл мурда орун алган Герцин (варис) тоолошуу (орогенез) жараянынын соңку учурларын сүрөттөп берет.
Варис (Герцин) орогенези (тоолордун пайда болушу) деп кеч палеозой доорунда орун алган Евроамерика менен Гондвананын кагылышуусунан келип чыккан тоолошу жараяны аталат. Евроамерика менен Гондвананын кагылышуусунан улам Панжея (Пангея) суперконтиненти пайда болгон.
Ак-Өлөңдүн Пермдик сиениттери кристаллдарынын чоңдугу менен таанымал. Ак-Өлөңдүн сиениттеринин чоңдугу 30 см чейин жетет, ал эми жеке кристаллчалардын чоңдугу 3-5 мм чейин жетет.