Геологиялык объектилер

Жомок Каньону

Жомок каньону Ысык-Көлдүн Тескей жээгинде, Балыкчы шаарынан 125 чакырым, ал эми Тосор айылынан 4 чакырым аралыкта, чоң жолдон алыс эмес жайгашкан. Жомок каньону - Кыргызстандын эң кооз жерлеринин бири. Каньонду ар түрдүү болуп кубулган, жомоктогудай адырлар бар болгодуктан улам, бул жер “Жомок” деп аталып калган. 

Түсү кызыл келген адырлар Неоген мезгилинде тектоникалык көтөрүлүштүн натыйжасында пайда болуп, суу, күн, жаан-чачын, шамалдын таасиринен улам ажайып каньонго айланган. Каньондогу өзгөрүүлөр азыркы учурда деле уланууда: жаан-чачын, суу, шамалдын таасиринен улам адырлар оюлуп, жомоктогудай пейзаж кубулуп, өзгөрө берет. 

Эл оозунда сакталып калган уламышта, Жомок каньонунун келип чыгышы мындай баяндалат. Илгери-илгери, Ысык-Көл өрөөнүндө көптөгөн шаарлар болуптур. Алардын биринде аябай сулуу кыз жашаптыр. Ал кызды бир чоң кызыл ажыдаар сүйүп калат, бирок кыз ажыдаардын сүйүүсүн кабыл албай койот. 

Ачууланган ажыдаар сыйкырын колдонуп, шаарларды сууга чөктүрмөк болот. Жергиликтүү эл ар түнү кудуктарын алтын капкак менен жаап, ажыдаардын сыйкырын ишке ашырышпайт. Түндөрдүн биринде, аталган сулуу кыз кудугун жапканды унутуп калат. 

Ал кудуктан оргуштап чыккан суу шаарлардын баарын каптап, өрөөндү көл кылат. Ажыдаар көлдүн кооздугуна суктанып, Тескей жээгине жатып, ташка айланат. Азыркы Жомок каньону - көлдүн жээгинде уктап жаткан ажыдаар деп айтылып келет.