Санариптик платформаларды өнүктүрүү

26.02.2024

Тескей геопаркы Кыргызстандын Тескей Ала-Тоосунда, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан. Соода, маданият, агрономия ж.б. тармактардагы соода түйүндөрүнүн жана тейлөө ишканаларынын QR кодун колдонуу менен бирдиктүү маалымат базасын иштеп чыгуудабыз.

Айыл чарбасын, кол өнөрчүлүктү жана өндүрүштү санариптештирүү мезгили келди.
Өндүрүүчүлөр сүт, курут, кийим, сувенир, Тескей геопаркынын алдында өз продукцияларын көргөзмөгө коюшат. 

Кадам сайын биз системабыз аркылуу онлайн буйрутмаларды таратууну каалайбыз. «Дигиконуш» долбоору биздин идеябызды колдоп, Тескей геопаркынын өнүгүшүнө трамплин жана олуттуу түрткү болду.

Маданий мурастар базасын түзүүдө колдоо алдык. Сайт дүйнөлүк маанидеги геологиялык жана маданий мурастарды камтыйт. Бизге долбоордун финалисттери болуу жана 4400 евро утуп алуу бактысына ээ болдук.
Биздин идея уникалдуу, Борбордук Азиянын эч бир жеринде ЮНЕСКОнун статусуна ээ геопарк жок! “Digikonush” долбоору биздин өлкөнүн экосистемасынын сакталышына кызыкдар жана биз көрсөтүлгөн колдоолорго абдан кубанычтабыз.